Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды

Жазылуу
Маселе комитеттен кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Белгилей кетсек, аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн комитетте дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып колдоо тапты.

Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат. Бул конституциялык мыйзам болгондуктан кабыл алуу үчүн кеминде 80 депутат добуш бериши керек.

ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду

Эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе:

  • парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат. Анын жолу татаалдаштырылат;
  • шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0