Вице-премьерлерге милдеттер бөлүштүрүлдү. Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровЗдание правительства КР в Бишкеке. Архивное фото
Здание правительства КР в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөттүн курамы өзгөрүп, мамлекеттик жогорку кызматтарга башка адамдар келүүдө.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы вице-премьерлер арасында милдеттер кандайча бөлүштүрүлгөнүн кабарлады.

Ага ылайык, биринчи вице-премьер Артем Новиков финансы-экономикалык блокту, инвестициялар жана Евразия экономикалык бирлигине байланыштуу маселелер боюнча иш алып барат. Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселелерин, салыктар, бажы, салыктык эмес төлөмдөр жана жыйымдар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу сыяктуу иштерди координациялайт.

Вице-премьер Равшан Сабиров региондук өнүктүрүү, реалдуу сектор жана инфраструктура маселелери менен алектенет. Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды аткаруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Кыргыз өкмөтүнүн курамы кантип өзгөрдү

Ал эми Аида Исмаилова социалдык блокту колго алды. Ал өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды аткаруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин жөнгө салып турат. Мындан тышкары, Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер, миграция, эмгек, ишке орноштуруу, үй-бүлө, балдар, жаштар, санитардык көзөмөл системаларын, билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат, этностук өнүктүрүү, гендердик саясат, маданиятты өнүктүрүү, басма сөз жана телерадиоберүү, маалыматтык саясат, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо иштери боюнча маселелерди карайт.

Вице-премьер Максат Мамытканов болсо укук коргоо тармагы, жарандык коргоо, чек ара маселелери боюнча иш алып бармай болду. Ал өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндө өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0