Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Жээнбеков Коррупцияга каршы кызматты эмнеге жойгон? Вице-премьердин пикири

© Sputnik / Асель СыдыковаОнлайн-брифинг вице-премьер-министра Максата Мамытканова в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
Онлайн-брифинг вице-премьер-министра Максата Мамытканова в пресс-центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максат Мамыткановдун айтымында, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлгандыгы тууралуу жаңы өкмөт эртеси күнү билип калган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчылыктан кетип жатканда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюп салгандыгы боюнча өз пикирин айтты.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн онлайн-брифинг учурунда сөз болду.

Анын айтымында, жаңы өкмөт УКМКнын аталган кызматы жоюлгандыгы тууралуу эртеси күнү билип калган.

Жээнбеков УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюп кетти

"Баарыбыз түшүнүп тургандай, айрым органдарды архивдин же документтердин ордун которуп салуу үчүн жаап коюшат. Бирок мынчалык кыска убакытта көп нерселерди жок кылып салууга жетишпесе керек. Бул жарлыктын кесепети анча катуу болгон жок, анткени бир түн ичинде бардыгын жок кылып салуу мүмкүн эмес. Эртеси күнү кызмат толугу менен калыбына келтирилди", — деди ал.

Вице-премьер бардык жетекчилерге "мындан ары ушул сыяктуу "сюрприздер" болуп кетпеши үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн" кошумчалады.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыруунун алдында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жойгон жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезитине жарыяланган, бирок кийин ал документ жокко чыгарылып, кызмат ишин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0