БШК бул жолку шайлоого канча каражат кетерин кабарлады

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке
Голосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы 20-декабрды парламенттик шайлоо күнү деп бекитти. Саясий партиялар үч күндүн ичинде арызын БШКга тапшырышы керек.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. 20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого 456 миллион 70 миң сом сарптоо пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы (БШК) Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Кайра өтө турган шайлоонун сметасынын долбоору 456 миллион 70 миң сомду түзөт. Бул боюнча Финансы министрлигине билдирүү жибердик. Ошондой эле өкмөткө каржы жана башка консультациялык иштер боюнча биргелешип иш алып барууга даярбыз деп маалымат бердик", — деди төрайым.

Шайлдабекованын айтымында, буга чейинки шайлоодо 200 миллион сом үнөмдөлгөн. Ошондой эле учурда эл аралык уюмдар менен жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

"4-октябрдагы шайлоодо факт жүзүндө 420 миллион сом кеткен. Андан тышкары, эпидемиялык кырдаалга байланыштуу коопсуздук маселелери, окутуу иштери боюнча эл аралык уюмдар кол кабыш кылган. Бул ирет дагы БУУнун өкүлчүлүгү колдоо көрсөткөнү турат", — деди ал.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышар-катышпасын айтты

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 20-декабрды парламенттик шайлоо өткөрүү күнү деп бекитти.

Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар үч күндүн ичинде арызын БШКга тапшырышы керек.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0