Кыргызстандан ЕЭКке Артем Новиков өкүл болот

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артем Новиков
Биринчи вице-премьер Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артем Новиков премьер Садыр Жапаровдун өкмөтүндө экономикалык тармакты жетектеген биринчи вице-премьер кызматына бекитилген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешине Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер Артем Новиков өкүл болот. Буга байланышкан билдирүү ЕЭКке келген.

Өкмөт башчынын 19-октябрдагы буйругуна ылайык, Новиков өз ишмердүүлүгүндө финансылык-экономикалык багыттарды, инвестиция жана Евразия экономикалык кеңешине байланышкан маселелерди көзөмөлгө алат.

КРден Армениядагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйынына эч ким барбай калышы мүмкүн

Парламент 14-октябрда Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекиткен. Анда Артем Новиков экономикалык тармакты жетектеген биринчи вице-премьер кызматына бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0