Өкмөт мажбурлаган. Баткендеги өкүл Жалалов мэрликтен кантип кеткенин тактады

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиӨкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган өкүлү Жаныбек Жалалов
Өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган өкүлү Жаныбек Жалалов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт анын 2015-жылы Баткен мэри болуп тургандагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапканы айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен шаарынын мэри кызматынан иштей албай кеткен деген маалыматка өкүлчүлүктүн маалымат кызматы расмий билдирүү таратты.

Буга чейин бир катар ЖМК жана социалдык тармактарда Жалалов 2016-жылы өз милдетин аткара албай Баткен шаарынын мэрлигинен кеткен деген маалымат жарыяланган. Өкүлчүлүк бул кабар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Талас менен Нарын облусунун жетекчилери алмашты

"Ошол кезде мэрдин кызмат орду бийликке керек болуп, Жалалов өкмөттүн кийлигишүүсү менен арыз жазууга мажбур болгонун билдиребиз", — деп айтылат маалыматта.

Жалалов облус башчылыгына премьер-министр Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 16-октябрындагы №460 буйругу менен дайындалып, 17-октябрда жаңы жетекчи облус активине тааныштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0