Райым Матраимовдун иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан

Райым Матраимовдун кармалышы. Белгилүү болгон маалыматтар

Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 20-октябрда Бажы боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча маалымат таратты.

Матраимов бажы органында коррупциялык системаны түзгөндүгү боюнча шектелген. Схема бажы тармагын администрациялоодо көмүскө кирешелерди алып калууну көздөгөндүгү айтылып келет. Мындан улам мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү зыян келген.

Матраимов жана бул иштер туурасында белгилүү болгон маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окусаңыз болот.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:58 20.10.2020

Тергөө органдары тарабынан Райым Матраимовдун жакын айланасына кирген жана коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталгандыгын УКМК кечээ билдирген. 

Учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов жана башка кызматтагы адамдар тарабынан түзүлгөн коррупциялык схема териштирилип жатат.

"Изилдөөнүн алкагында коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталып, алардын жүргөн жери белгилүү болду. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш-аракеттер жүрүп жатат", — дешти УКМКдан.
 

 

 

 

14:17 20.10.2020
Задержание Райымбека Матраимова - Sputnik Кыргызстан

Сүрөттөрдү УКМКнын маалымат кызматы таратты

14:13 20.10.2020

Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы расмий түрдө билдирди.

 

14:05 20.10.2020

Ал арада социалдык тармакка Райым Матраимов фамилиясын алмаштырган деген маалымат менен сүрөтү тарады.

 

 

 

Задержание Раима Матраимова - Sputnik Кыргызстан
14:03 20.10.2020

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Матраимов УКМКнын имаратына алып келинди.

"2016-жылдан бери Райым Матраимов менен дагы башка жооптуу кызматтагы адамдардын коррупциялык схема түзгөнү аныкталды. Натыйжада мамлекет ири суммадагы чыгымга учураган", — дешти УКМКдан. 
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатат. Ага ылайык, мамлекеттин бюджетине келтирилген чыгымдын суммасы жана буга тийиштиги бар адамдар аныкталат. 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0