Райым Матраимов кармалды

Коррупцияга каршы митингдин катышуучулары. Архив
Коррупцияга каршы митингдин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райым Матраимов УКМКнын имаратына алып келинди. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Матраимов УКМКнын имаратына алып келинди.

“2016-жылдан бери Райым Матраимов менен дагы башка жооптуу кызматтагы адамдардын коррупциялык схема түзгөнү аныкталды. Натыйжада мамлекет ири суммадагы чыгымга учураган”, — дешти УКМКдан. 

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатат. Ага ылайык, мамлекеттин бюджетине келтирилген чыгымдын суммасы жана буга тийиштиги бар адамдар аныкталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0