Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды

Жазылуу
Бүгүн Нариман Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп келди. Эске салсак, ал 2008-2010-жылдары шаар башчысы болуп иштеген эле.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суркакматов шаар башчылык кызматтан кетип жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат булактар билдирди.

Бул туурасында ал расмий түрдө жакынкы маалымат жыйында билдирерин айтты.

Бүгүн Бишкек мэриясында вице-мэрлер алмашып, Нариман Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп келген.  

Түлеев 2008-2010-жылдары шаар башчысы болуп иштеген эле.

Эске салсак, мэрди шаардык кеңеш дайындайт. Талапкерди фракциялар, Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы жана премьер-министр сунуштай алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0