Жогорку сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовдун ишине чекит койду

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүСот залындагы Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов. Архив
Сот залындагы Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку соттун 2013-жылдын 6-августундагы токтому жана жеке аныктамалары жокко чыгарылганы маалымдалды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку сот Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча Башкы прокуратуранын актоо боюнча корутундусун канааттандырды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

"Жогорку соттун 2013-жылдын 6-августундагы Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Бекзатбек Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Саирбек Кадырбаев жөнүндөгү токтому жана жеке аныктамалары жокко чыгарылып, ал эми жазык ишти кассациялык тартипте кароо туурасында токтом чыкты", — деп айтылат маалыматта.

2012-жылы ЖК депутаттары Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" маселеси боюнча каршылык акциясына чыгышкан. Митингде Ташиев баштаган топ Ак үйдүн дарбазасынан секирип түшүүгө аракет кылган. Алардын иши Жогорку сотко өтүп, Ташиев, Жапаров, Мамытов мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниети менен Өкмөт үйүн басып алууга аракеттенген деген айып менен 1,5 жылга кесилишкен.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров учурда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы. Ал эми Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0