УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын (мамлекеттик күзөт) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басарынын рангында болот.

УКМКнын 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0