Жапаров люстрация мыйзамы керектигин айтууда. Бул эмнени түшүндүрөт?

© Sputnik / Батырбек МамыркуловАла-Тоо аянтындагы митинг. Архив
Ала-Тоо аянтындагы митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстанда люстрация өткөрүү зарыл экенин айтып чыкты. Анын жол-жоболору тууралуу Sputnik агенттигинин ролигинен көрүңүздөр.

Өткөн аптада өлкө башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мурдагы аткаминерлерге карата люстрация өткөрүү пландалып жатканын айтты. Эгер ишке аша турган болсо, жазанын бул түрү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу колдонулат.

 

​​Люстрация — тазалануу дегенди түшүндүрөт. Дүйнөлүк тажрыйбада айрым аткаминерлерди мыйзамдык жактан чектөө менен саясий айдыңды тазалоо максатында колдонулат. Көбүнесе мурдагы бийликтин мыйзамсыз иштерине көз жумуп же ага аралашып жүргөн адамдарга каршы иштейт.

Люстрация мыйзамы Түштүк Америкада, Түштүк Африкада, Европанын айрым мамлекеттеринде, Иракта, Грузияда жана Украинада бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0