Таң калып турам! Элчи Аликбек Жекшенкулов отставкасы тууралуу үн катты

© Sputnik / Евгений ОдиноковКыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчынын маалымат кызматы элчинин кызматтан алынышы боюнча пресс-релиз жиберип же сайтына жазган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алганы белгилүү болду. Бул тууралуу жарлык "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезитине жарыяланганын редакциядан тастыкташты.

Жарлыкта элчи ишенимди жоготкондугуна байланыштуу ээлеген ордунан бошотулганы жазылган.

Ал эми Жекшенкулов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына мындай чечим күтүүсүз болгонун билдирди.

"Чынын айтсам өзүм дагы түшүнбөй турам. Ага кандай негиз болду экен. Мени менен ишенимден кеткеним боюнча эч ким сүйлөшкөн эмес. Андыктан таң калып жатам", — деди Жекшенкулов.

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Президенттин жарлыгы 14-октябрда чыкканы көрсөтүлгөн. Бирок мамлекет башчынын маалымат кызматы бул тууралуу пресс-релиз жиберип же сайтына жазган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0