Жээнбеков УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюп кетти

Жазылуу
Жээнбеков жарлыкка 14-октябрда кол койгону көрсөтүлгөн. Ал эми гезит кечээ, 16-октябрда, жарыяланган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыруунун алдында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жойгон жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезитине жарыяланган.

Анда Жээнбеков жарлыкка 14-октябрда кол койгону көрсөтүлгөн. Ал эми гезит кечээ, 16-октябрда, жарыкка чыккан. Бирок мамлекет башчынын маалымат кызматы бул тууралуу пресс-релиз жиберип же сайтына жазган эмес.

Гезитке "2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" (аталышы өзгөртүүсүз берилди - ред.) президенттин жарлыгы жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0