Өкмөт башчы алгач кайсы органдардагы чиновниктер кыскартыларын айтты 

© Sputnik / Эмиль СадыровӨкмөт үйүнүн имараты. Архив
Өкмөт үйүнүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалымат кызматы Жапаровдун элге кайрылуусун жарыялады. Анда жакында жасала турган реформа жана экономика тууралуу дагы кеп болгон.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда. Ошондуктан кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы Жапаровдун элге кайрылуусун жарыялады. Анда жакында жасала турган реформа жана экономика тууралуу дагы кеп болгон.

“Биз реформалар боюнча атайын комиссия түзөбүз. Ал өлкөбүздүн экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөт. Кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат. Алгач президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруулар болот. Кыскартууларды биз өзүбүздөн баштайбыз”, — деди Жапаров.

Ал ошондой эле экономика жаатында кырдаалды турукташтыруу, инвесторлордун ишеничин калыбына келтирүү, ишкерлер үчүн коргоо жана коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу иштери аткарыларын белгилеген.

Садыр Жапаровдун кыргызстандык жаштарга берген убадасын материалдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0