08:20 29 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Камчы Көлбаевдин кармалышы (8)
800 0 0

Жаңы жетекчи кызматка дайындалары менен УКМКнын имаратында маалымат жыйын уюштуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 16-окт. – Sputnik. Мындан ары биздин мамлекет бандиттердин жана коррупционерлердин өлкөсү болбойт. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди.

Жаңы башчы кызматка дайындалары менен УКМКнын имаратында маалымат жыйын уюштурду. Анда журналисттер “Кыргызстанда криминал өнүктү, Камчы Көлбаев саясатчылар менен тил табышып алды деген маалыматтарга кандай комментарий бересиз” деген суроо узатышты.

Камчыбек Ташиев УКМКга эмне максат менен жетекчи болгонун айтты

“Мындан ары эч ким эч кимди калкалай албайт. Урматтуу бизнесмендер, ачык чыгып айткыла, сиздерге басым жасагандарды чинине, уурулугуна карабай катуу жазалайбыз. Эгер Камчы Көлбаев дагы мыйзам бузуп же басым кыла турган болсо жазага тартылат. Аны менен эле чектелбей камалат. Бандиттер, силерге өтө кыска убакыт берилет, же мыйзам менен жашайсыңар же түрмөгө киресиңер, же биздин мамлекеттен чыгып кетесиңер. Мен бул кызматта турган кезде биздин мамлекет бандиттер менен коррупционерлердин өлкөсү болбойт! Эми бандиттер качып, жашына баштайт. Мен муну толук жоопкерчилик менен жарыялайм. Эгер муну олуттуу кабыл албай жатсаңар, көрөбүз ким кимди жеңерин”, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал кызматта турган убакта бандиттер менен уурулар жолтандабастарды айдап кортеж кылып жүрүшүнө жол бербей турганын баса белгиледи.

Буга чейин Ташиев чек арадагы контрабанданы токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөттүрөрүн билдирген.

Тема:
Камчы Көлбаевдин кармалышы (8)

Тема боюнча

Ташиев: чек арадагы контрабанданы токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөтөбүз
Ташиев: Райым Матраимовду кармап келүүгө бүгүн тапшырма берем
Белгилер:
уурулук, Камчыбек Ташиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ