Касымалиева: Жээнбеков кара пиардын курмандыгы болуп калды

Жазылуу
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши боюнча пикирин билдирди.

Касымалиеванын айтымында, өлкө башчы кара пиардын курмандыгы болуп калды.

"Эл сизди эмитеден эле сагына баштады. Кадырыңыз калың журттун жүрөгүндө экен. Атайлап жасалган кара пиар сизге жукпаптыр. Мындай кадам чындап эле эл-жерин сүйгөн адамдын гана колунан келет. Мүмкүн сиздин душмандар бүгүн кубанып, эртең кайгырар. Аны мезгил өз ордуна коет. Айкөлдүгүңүздү, чыдамкайлыгыңызды, мамлекеттин кишиси экениңизди баса белгилегим келет. Сиз элдин чыныгы даанышманы болдуңуз. Адамдык сапатыңыз бийик экенине калың эл баа берип турат", — деди Касымалиева.

Тарых өз баасын берет. Сооронбай Жээнбековдун акыркы кайрылуусу

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

Мыйзам боюнча, анын милдети Жогорку Кеңештин төрагасына жүктөлөт. Бирок спикер Канат Исаев бул милдеттен баш тартканын жар салды.

Жыйынтыгында президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0