07:57 29 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
421 0 0

Акылбек Жапаров саясий абалдын азыркыдай кризиске туш болушуна фракция лидерлеринин түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Депутат Акылбек Жапаров парламент төрагасы Канат Исаевге алдыдагы шайлоолор тууралуу маселелерди фракция жетекчилери менен гана эмес, 120 депутаттын бардыгы менен талкуулоону сунуш кылды.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өттү. Анда Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү чечими каралды. Жыйындын жүрүшүндө спикер шайлоолорду өткөрүү процесси тууралуу айрым маселелерди фракция лидерлери менен сүйлөшөрүн айткан.

Депутат Жапаров "президенттин үч жылдан кийин отставкага кетишине дал ушул фракция лидерлери өбөлгө түзгөнүн" айтып, бардык маселени жалпы парламент менен чечишүүгө чакырды.

"Жигиттер, бийликтин баары ушул алты фракциянын лидерлеринде. Президентке кирип, проблеманы чечкиле десек чечпей жүрүп, эми башыбызды дагы кайсыл жакка айлантканы жатасынар? Канат Кедейканович, акылдашам десеңиз, 120 депутат менен акылдашыңыз. Эгер акылыңар тунук, эсиңер ордунда болсо, азыркыдай революция болбойт болчу. Баарыбыз менен сүйлөшүп, ачык иштегиле", — деди Жапаров.

Парламент жакынкы күндөрү алдыдагы президенттик жана депутаттык шайлоонун датасын аныкташы керек.

Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)

Тема боюнча

Төрага: фракция лидерлери Садыр Жапаров менен шайлоону талкуулайт
Белгилер:
лидер, фракция, Жогорку Кеңеш, Акылбек Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ