Төрага: фракция лидерлери Садыр Жапаров менен шайлоону талкуулайт

Жазылуу
Премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоону өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, датасы ушул же аркы жумада белгилүү болорун билдирди.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өкмөт башчы Садыр Жапаров фракция лидерлери менен шайлоо боюнча консультация жүргүзөт. Бул тууралуу төрага Канат Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Исаев президенттик же парламенттик шайлоо тууралуу кеп болорун, консультациялар эмне боюнча өтөрүн тактаган жок.

"Өкмөт башчы шайлоону аныктоо боюнча фракция лидерлери менен сүйлөшсөк деп жатат", — деди Исаев.

Ал эми Садыр Жапаров президенттик шайлоону өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, датасы ушул же аркы жумада белгилүү болорун билдирди.

"Мыйзам боюнча, президенттик шайлоо 90 күндүн ичинде болушу керек экен. Тагыраагы, 10-январдан ары өтпөш керек", — деди Жапаров.

Эске салсак, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Ал эми бүгүн парламенттин алдына келип кызматын расмий тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0