Канат Исаев эмнеге президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев
Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кароо үчүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында чогулду.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев эмне себептен отставкага кеткен президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын түшүндүрүп берди.

"Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды эске алып жана парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү юридикалык жактан аяктап бара жатканына байданыштуу КР президентинин милдетин аткаруу укугунан баш тартам. Мен өз убактымды, күч-аракетимди парламенттин иштерине арноону туура көрдүм", — деди Исаев.

Кыргызстандын Башкы мыйзамынын 68-беренесине ылайык, президент өз ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда баш тартcа, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0