Өзбекстандын премьер-министри телефон чалып, Садыр Жапаровду куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов. Архив
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы бир катар багыттар боюнча пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним арткан.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өкмөт башчы Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеде Арипов Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылат.

ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Россиянын элчисин кабыл алды. Эмне талкууланды

Арипов эки өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн бир катар багыттар боюнча өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним арткан.
Ал эми Жапаров өз кезегинде жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0