Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиялашы Садык Шер-Нияз депутаттык керслону бошотуп бергенден кийин Текебаевге мандат берүү чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, БШК мүчөлөрүнүн бүгүнкү жыйынында Текебаевге мандат берүү чечими кабыл алынган. Саясатчы буга чейин коррупция боюнча соттун өкүмүнөн улам ажыраган мандатын кайра кайтарып алуу боюнча арызын берген. Бирок анда Боршайком парламентте бош орун жок экенин айтып четке каккан.

Буга байланыштуу партиялашы Садык Шер-Нияз өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Анын натыйжасында депутаттык кресло бошоп Текебаевге мандат берилди.

61 жаш. Кыргызстандын президенттери кантип кеткен?

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Ошентип, ал соттолгон деген статустан кутулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0