Жээнбековдун отставкасын ким кабыл алышы керек? Мыйзам

Жазылуу
Өлкө башчынын кызматтан кетүү жөнүндө арызы Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынып, протокол менен жол-жоболоштурулат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен учурда анын арызын парламент кабыл алат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин регламентинин 135-беренесинин 2-бөлүмүндө жазылган.

Ага ылайык, өз арызы боюнча кызматтан кеткен учурда президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңешке жазуу жүзүндө арыз берген же ал өзү эл алдында билдирүү жасаган учурдан тартып токтотулган болуп эсептелет. Кызматтан кетүү жөнүндө арыз Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынып, протокол менен жол-жоболоштурулат.

Бүгүн, 15-октябда, Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алганын жар салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0