Жогорку Кеңеш эртең кезексиз жыйынга чогулмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кете турганын айтып, саясий күчтөрдү тарапташтарын таратууга чакырган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 16-октябрь күнү кезексиз жыйынга чогула турганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Күн тартибинде президенттин отставкасы тууралуу маселе турганы айтылды. Жыйын саат 10.00дө башталып, "Ала-Арча" резиденциясында өтөт.

Эскерте кетсек, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0