Жээнбеков отставкага кетти, эми өлкөнү ким башкарат? Баш мыйзамдагы жобо

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасын конституциясы
Кыргыз Республикасын конституциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга ылайык, президенттин кетиши менен өлкөнү Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев башкарып калышы ыктымал.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Эгер Кыргызстандын президенти мөөнөтүнөн мурда отставкага кетип калса, жаңы мамлекет башчы шайланганга чейин анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарып турат. Мындай жобо КР Конституциясында жазылган.

Баш мыйзамдын тиешелүү беренелери менен тааныштырабыз.

ЖК спикеринин президенттин милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда мамлекет башчынын укуктары премьер-министрге өтөт.

Кан төккөн президент болгум келбейт. Жээнбеков кетип жатып эмне деди

Ошону менен катар президенттин милдетин аткарып жаткан кызматкер Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындоого, өкмөттү отставкага кетирүүгө, президенттик шайлоого талапкер катары катышууга акысы жок.

Бүгүн, 15-сентябрда, Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алганын жар салды. Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев, аны бул орунга эки күн мурда эле шайлашкан.

Ал ортодо Жээнбековдун отставкасын талап кылган митингчилер эми парламентти таркатуу керектигин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0