Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Жазылуу
Белгилей кетсек, Кеңешбек Дүйшөбаев мамлекеттик ишмер, генерал-майор. Ал 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Улуттук коопсуздук комитетин башкарган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Белгилей кетсек, Кеңешбек Дүйшөбаев мамлекеттик ишмер, генерал-майор. Ал 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Улуттук коопсуздук комитетин башкарган.

Буга чейин аталган кызматты Дамир Сагынбаев жетектеп келген. 10-октябрда президент Сагынбаев менен орун басары Өмүрбек Суваналиевди кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0