Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстан жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 30 миллион доллар бөлгөн. 2005-жылдан бери өнөктөш мамлекет Кыргызстандын 700 миллион доллардан ашык карызын кечкен.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтото туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РБК басылмасы Россиянын Каржы министрлигиндеги булактарга таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдөгү кырдаалдан улам кабыл алынган.

"Россия Кыргызстандагы саясий кырдаал турукташып, бийлик органдары толук кандуу иштегиче каржылык колдоо көрсөтпөй туруу чечимин кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2019-жылы Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 30 миллион доллар бөлгөн. 2005-жылдан бери өнөктөш мамлекет Кыргызстандын 700 миллион доллардан ашык карызын кечкен. (2018-жылдын февраль айында толугу менен карызын жойгон) 2012-жылы Москва Бишкекке 250 миллион доллардан ашык өлчөмдө кайтарымсыз грант берген.

Белгилей кетсек, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, миңден ашык адам жабыркап, бир киши көз жумган.

Садыр Жапаров: Россия — негизги өнөктөш, бизди көп нерсе байланыштырып турат

Кийин Ак үй басып алынган. Өлкөдө Жогорку Кеңештин спикери жана өкмөт башчы алмашты. Анткен менен Кыргызстанда саясий кырдаал дагы деле турукташа элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0