Ташиевге премьер кандай кызмат берет? Садыр Жапаровдун жообу

Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, ал Ташиев менен 15 жылдан бери тааныш. Бирге иштешип, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болушкан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге кандай кызмат бере турганын азырынча ойлоно элек. Мындай пикирин ал маалымат жыйын учурунда билдирди.

Жапаровдун айтымында, ал Ташиев менен 15 жылдан бери тааныш. Бирге иштешип, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болушкан.

"Азырынча аны кайсы кызматка дайындай турганымды ойлоно элекмин. Чечимди шашпай кабыл алам", — деди Жапаров.

Садыр Жапаров: президенттин отставка боюнча маселесин бүгүн чечишибиз керек

Эске салсак, бүгүн парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришкен. Ал эми президент аны өкмөт башчылыкка дайындап, жарлыкка кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0