Бири-бирине сес көрсөткөн Сулайманов менен Керезбеков. Фотофакт

Жазылуу
Жогорку Кеңештин бирдиктүү комитетинин жыйынында депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбековдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, жакалашканга чейин барышты.

Парламенттин кезексиз жыйыны бүткөндөн кийин "Бир Бол" фракциясынын лидери Сулайманов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Анда форма №2ни жокко чыгаруу, шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүү жана босого ченди 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүү айтылган.

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин бирдиктиүү комитетинин жыйынында депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбековдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, жакалашканга чейин барышты
Бири-бирине сес көрсөткөн Сулайманов менен Керезбеков. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин бирдиктиүү комитетинин жыйынында депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбековдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, жакалашканга чейин барышты

Бирок конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков кворум жок экенин айтып, документти кароону кийинкиге калтырууну айтып, андан соң экөө кайым айтыша кеткен. Бири-бирине сес көрсөткөн эл өкүлдөрү залдан чыгып, башка бөлмөгө кирип жулкулдаша кетишкен.

Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канат Керезбеков жакалаша кетишти. Видео

Натыйжада жыйын өтпөй, маселе кийинкиге калтырылды.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0