УКМК: Алмазбек Атамбаев үй камагына чыгат деген маалымат жалган

© Фото / Пресс-служба СДПКМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрдө абактан чыгышына айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй камагына чыгат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилей кетсек, учурда соцтармактарда адвокат Замир Жоошевге таянып, Атамбаев үй камагына чыгат экен деген маалыматтар тарап жатат. Бирок УКМК аны төгүндөдү.

Алмазбек Атамбаев кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрдө абактан чыгышына айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ошол эле учурда сот органдары тарабынан 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0