Садыр Жапаров ЖКга өкмөттүн курамын сунуштады. Тизме

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги өкмөттүн имараты. Архив
Бишкектеги өкмөттүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн түзүмү менен программасы ошол бойдон калган. Ал эми өкмөттүн курамы 20 пайызга өзгөргөн.

БИШКЕК,14-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнө өкмөттүн курамын сунуштады.

Анын айтымында, өкмөттүн түзүмү менен программасы ошол эле бойдон калган. Ал эми өкмөттүн курамы 20 пайызга өзгөргөн.

  • Садыр Жапаров — премьер-министр ;
  • Артём Новиков — биринчи вице-премьер;
  • Равшан Сабиров — вице-премьер;
  • Максат Мамытканов — вице-премьер;
  • Аида Исмаилова — вице-премьер;
  • Бактыбек Аманбаев — өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр;
  • Санжар Муканбектов — экономика министри;
  • Кыялбек Мукашев — каржы министри;
  • Эркинбек Чудуев — айыл чарба министри;
  • Бакыт Бердалиев — транспорт жана жолдор министри;
  • Марат Жаманкулов — юстиция министри;
  • Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;
  • Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
  • Бообек Ажыкеев — өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
  • Алмазбек Бейшеналиев — билим берүү жана илим министри;
  • Улукбек Кочкоров — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
  • Нуржигит Кадырбеков — маданият, маалымат жана туризм министри;
  • Жыргалбек Сагынбаев — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы;
  • Алтынбек Исмаилов — Байланыш жана технология мамлекеттик комитетинин башчысы.

Ушу тапта жыйын кандай өтүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин жыйынын түз эфирден да көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0