Садыр Жапаров Темирлан Султанбековдун айланасындагы окуя боюнча оюн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш саясатчы Темирлан Султанбеков. Архив
Жаш саясатчы Темирлан Султанбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмеге караганда, Садыр Жапаров коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров жаш саясатчы Темирлан Султанбековду камактан бошотуу боюнча оюн айтты. Жапаровдун позициясын өкмөт башчынын маалымат кызматы жарыялады.

Ага ылайык, Садыр Жапаров коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт.

"Өлкөнүн премьер-министри катары сот, прокуратура жана тергөө органдарына таасир этүүгө моралдык жана ыйгарым укуктарым жок экендигин баса белгилегим келет. Биз курууга умтулуп жаткан укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болот деп эсептейм", — деп жазылат Жапаровдун кайрылуусунда.

ИИМ: Атамбаевдин уулдары күбө катары кармалып, кайра коё берилди

Эске салсак, 12-октябрда Темирлан Султанбеков жана Алмазбек Атамбаевдин башка тарапташтары кармалып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0