Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Султанбек Анарбаев ант берип, ишке киришти

Жазылуу
Жаңы эл өкүлү Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынан мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктары токтотулган депутат Таалайбек Масабировдун ордуна келди.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Султанбек Анарбаев парламенттин кезексиз жыйынында ант берип, ишке киришти.

Белгилей кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине өкмөттүн курамын дайындоо маселеси коюлган.

Султанбек Анарбаев Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктары токтотулган депутат Таалайбек Масабировдун ордуна келди.

Көпчүлүк коалиция премьерликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоду

Ушу тапта депутаттар кандай чечим кабыл алып, эмне болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0