Садыр Жапаров кримчөйрөнү түп тамыры менен жок кыларын айтты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Садыр Жапаров
Премьер-министр Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында депутат Дастан Бекешев "Кыргызстанда криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен күрөшөсүзбү" деген суроону узаткан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда криминал түп тамыры менен жок болот. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Жыйында депутат Дастан Бекешев "Кыргызстанда криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен күрөшөсүзбү" деген суроо узаткан.

"Кыргызстанда криминал жок болот, алар менен катуу күрөшөм. Келгиле, өнүккөн өлкөлөр сыяктуу криминал дегендерди жок кылып, таза мамлекетти түзөлү. Ал үчүн силер да мага жардам беришиңер керек", — деди Жапаров.

Жаңы бекитилген премьер-министр өлкөдө саясий куугунтук болбой турганын, ага сөз берерин да кошумчалады.

"Саясий куугунтуктан мына мен, бир туугандарым, үй-бүлөм баарыбыз өттүк. Араңыздарда мендей адилетсиздикти жон териси менен сезген бирөө да жок болушу керек. Өз башыман өткөргөн адам катары андай саясий куугунтук болбойт деп сөз берем, — деди өкмөт башчы.

Садыр Жапаров соттуулугу эмне болгонун дагы айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0