Өкмөт Садыр Жапаровдун унаасындагы жасалма делген номерге комментарий берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Садыр Жапаров
Премьер-министр Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитти. Соцтармактагылар Жапаров минген унаанын номери Carcheck порталынан табылбай жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Өкмөт премьер-министр Садыр Жапаров минип жүргөн унаанын номери жасалма деген маалыматтарды төгүндөдү.

Буга чейин соцтармактарга Садыр Жапаровдун унаасынын номери Carcheck порталынан табылбай жатканы боюнча маалымат тараган.

“Mercedes-Benz G-класс автоунаасына тагылган 01 KG 389 AGP мамлекеттик номери Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине катталган”, — дешти өкмөттөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитти.

Жаңылыктар түрмөгү
0