Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жазылуу
Саат 16:00гө белгиленген кезексиз жыйын кечки саат 18:55те башталды. Буга депутаттардын чогулбай жатканы себеп болду.

БИШКЕК, 13-окт. – Sputnik. Депутат Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Исаевдин талапкерлигин "Кыргызстан" фракциясы сунуштап, калгандары колдоп беришти. Урнага 80 бюллетень салынган, комиссиянын 12 мүчөсү аларды санап чыкты. Натыйжада 78 депутат макул, экөө каршы добуш бергени аныкталды. 

Эске салсак, бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына кезексиз жыйынга чогулуп, ага 62 депутат келген. Жыйынга кечигип келген депутаттар дагы кошулуп жатты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0