Атамбаев укук коргоочуларга абактан эмнеге чыгып кеткенин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбордун кызматкерлери мурдагы президент Атамбаев жана ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов менен жолугуу үчүн УКМКнын тергөө абагына барышты.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерине 6-октябрга караган түнү эмне себептен абактан чыгып кеткенин айтып берди. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жарыяланды

Аталган борбордун кызматкерлери мурдагы президент Атамбаев жана ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов менен жолугуу үчүн УКМКнын тергөө абагына барышты.

"Атамбаевдин айтымында, ал абактан өзүм билемдик менен эмес, УКМКнын жетекчилигинин өтүнүчү менен чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ал экинчи жолку кармоого эч негиз болбогонун кошумчалаган.

Мындан тышкары, Атамбаев буттары ооруп жатканын, кармоо учурунда ага дары-дармегин алып алууга уруксат берилбегенин айткан. Бирок дарыларын кийин алып келишкен.

Курсан Асанов дагы ага коюлуп жаткан айыптоолор менен макул эместигин билдирди.

"Министрдин мурдагы орун басары элдик толкундоолор учурунда башаламандык жана мародерчулук болбошу үчүн аракет кылганын айтты", — деп жазылган билдирүүдө.

Ал эми УКМКнын тергөө абагына Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими келбегенин, Атамбаевди мурдагы эки соттук чечим боюнча абакка киргизгенин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0