Жээнбеков РФ президентинин өкүлү менен жолукту. Ага Жапаров да катышты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак. Архив
Россия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмеге ылайык, Козак Кыргызстанга Россиянын лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен келген.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Россия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Козак Кыргызстанга РФ лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен келген. Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышкан.

"Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдан жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Россия тарап өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданып жатканын айтып, абалды жөнгө салуу үчүн жардам берүүнү сунуштаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Путин: Кыргызстандагы конфликтинин бардык тараптары менен байланыштамын

Президенттин маалымат кызматы Кыргызстан менен Россия союздаш жана стратегиялык өнөктөш экенин айтып, ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарына мүчө экенин белгилеп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0