УКМК: Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев 10-октябрда Бишкекте массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калтырылды. Бул боюнча УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

“Атамбаев УКМКнын тергөө абагына кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча чыккан сот чечиминин негизинде киргизилди. Ошол эле учурда соттор Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин карап жатат”, — деп жазылат билдирүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда, “5-6-октябрь күнкү окуялар маалында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясына карата мажбурлоо болуп, ал Атамбаевге карата мурдагы чечимин өзгөртүүгө аргасыз болгон”.

Аталган факты боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу иликтөө жүргүзүп, токтомду жокко чыгаруу маселеси каралып жатканы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, Атамбаев 10-октябрда Бишкекте массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган. Аны колго түшүрүү учурунда тартылган видео да жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0