Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын абагына кайтарылды

Жазылуу
Эске салсак, Зилалиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын абагынан үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Митинг учурунда абактагы башка саясатчылар менен эркиндикке чыгарылган Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын абагына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Зилалиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын абагынан үй камагына чыгарылган.

"6-октябрга караган түнү жаза өтөө жайынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен Дүйшөнбек Зилалиев кечээ кайрадан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыр мыйзамсыз бошотулган башка адамдар изделүүдө", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Зилалиевдин иши

Башкы прокуратура Зилалиевге мыйзамсыз жол менен байыган деген кине койгон. Ага ылайык, Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда: Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер жана Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болуп иштеп, расмий кирешесинен бир нече эсе көп мүлк сатып алган деп айыпталууда.

Зилалиев 2018-жылы 8-декабрда кармалган. УКМК анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар таап, үй-жайын тинтүүгө алганын айткан.

Ошондой эле Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон эле.

Ал эми 2018-жылы Зилалиев Биринчи май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0