Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев абакка кайтарылган жок. Себеби

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүМурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Архив
Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТЭЦ чырына байланыштуу соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылды.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦтеги коррупциялык иштерге айыпталып камалган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугу начарлап Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Ооруканада жаткан экс-премьер ЖАМК кызматкерлеринин кылдат көзөмөлүнө алынган.

УКМК: жазасын өтөп жаткан Айбек Калиев өз ыктыяры менен абакка кайтты

"ЖАМК тарабынан КРдин Жазык-аткаруу кодексинин 97-беренесинин негизинде 2020-жылдын 6-октябрында ТЭЦ чырына байланыштуу камакка алынгандарга түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра кайтып келүүгө уруксат берилген. Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылды. Ал эми Сапар Исаков, Албек Ибраимов, С.Куланбаев, Б.Куланбаевге берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0