Кворум болгон эмес! Айрым депутаттар Садыр Жапаровдун дайындалышынан шек саноодо

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүСитуация в Бишкеке
Ситуация в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир депутаттар Садыр Жапаровдун премьер-министрликке шайланышы мыйзамсыз болгонун айтып чыкты. Мунун негизги себеби катары жыйында кворум болбогонун белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, жыйынга кеминде 61 депутат кытышышы керек. Буга ишеним каттар дагы кошулат. Бирок бир фракциянын депутаты башка фракциянын мүчөсүнө ишеним кат берүүгө укугу жок.

Кечээ мамлекеттик резиденцияда өткөн жыйындын башталышында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялаган. Ошол маалда парламентарийлер дагы бир-экөө жолдо келе жатканын билдиришкен.

Бирок эл өкүлү Дастан Бекешев кворум жыйналбаганын айтып жатат. 

© Фото / пресс-служба ЖКЭл өкүлү Дастан Бекешев
Кворум болгон эмес! Айрым депутаттар Садыр Жапаровдун дайындалышынан шек саноодо - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Дастан Бекешев
"Кворум болгон эмес. Мындан тышкары, башка дагы мыйзам бузуулар аныкталды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланган жок, депутаттар башка фракциядагы кесиптештеринин ишеним катын колдонушту. Бул боюнча сотто талашсак болот", — деди Дастан Бекешев.

Кыргызстанда премьер-министр кантип дайындалат? Процедурасы

Ал эми вице-спикер Аида Касымалиева жыйынды легитимсиз деп эсептеп, аягына чейин катышпай кетип калганын Facebook баракчасына жазды. 

"Мен өзүмдүн нааразычылыгымды билдирүү жана жыйынды легитимсиздештирүү үчүн чыгып кетип калдым. Урмат Самаев (ЖК депутат — ред.) жана анын эл атын атоодон чочулаган шефи, мен силерден коркпойм. Мен дагы деле коомдук транспортту колдонуп, жалгыз жүрөм. Эгер кызыма, үй-бүлөмө бир нерсе болсо, ушул жерде жазылгандарды эстегиле", — деп жазды Касымалиева. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-спикер Аида Касымалиева
Кворум болгон эмес! Айрым депутаттар Садыр Жапаровдун дайындалышынан шек саноодо - Sputnik Кыргызстан
Вице-спикер Аида Касымалиева

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев тек гана Садыр Жапаровго каршылык көрсөтүү үчүн эмес, парламент мыйзамдуу жол менен кетишин талап кылып жатканын айтат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Каныбек Иманалиев
Кворум болгон эмес! Айрым депутаттар Садыр Жапаровдун дайындалышынан шек саноодо - Sputnik Кыргызстан
Депутат Каныбек Иманалиев
"Азыр өкмөттүн легитимдүүлүгү талаш жаратууда. Биз бардык тараптын кызыкчылыгын эске алышыбыз керек. Эртең Атамбаевдин тарапташтары чыгып да муну айтышы мүмкүн. Андыктан президент кайрадан жыйын өткөрүүгө депутаттардын коопсуздугун камсыздап бериши керек. Кечээ 41 депутат гана катышкан, экөө (Калдарбек Баймуратов, Аида Касымалиева) кетип калса, 39у гана калып жатпайбы", — деди Иманалиев.

Премьерди шайлоого катышкан эл өкүлү Бактыбек Турусбеков депутат жыйындын ортосунан кетип калса да, ал катталган болуп кала берерин айтат. 

© Фото / пресс-служба ЖКЭл өкүлү Бактыбек Турусбеков
Кворум болгон эмес! Айрым депутаттар Садыр Жапаровдун дайындалышынан шек саноодо - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Бактыбек Турусбеков
"Юридикалык тарабынан кыйкым издей берсе болот, бирок, биз депутаттар биринчи кезекте эл өкүлүбүз да, ошондуктан алардын үнүн угабыз. Эгер башка парламентарийлер каршы болсо, жыйынга келип пикирин айтса болмок. Акыр аягы бул биздин жумушубуз. Албетте мыйзамда кворум болушу үчүн депутат катышышы керек деп жазылган. Деген менен депутаттар буга чейин деле кесиптешине ишеним кат берип жүргөн. Мындай учурда эл жана мамлекеттин кызыкчылыгын ойлош керек. Анын үстүнө азыркы кырдаал чыңалып турбайбы", — деди депутат.

Ал эми Евгения Строкова мамлекеттик резиденцияга эң акыркы болуп келгенин билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Евгения Строкова
Кворум болгон эмес! Айрым депутаттар Садыр Жапаровдун дайындалышынан шек саноодо - Sputnik Кыргызстан
Депутат Евгения Строкова
"Мен дагы деле ооруп жүрөм, бирок өз ишимди таштап коё алган жокмун. Абалды ичинен байкап, пикиримди айтайын дедим. Келген депутаттарды санабаптырмын, так санын айта албайм. Эгер ЖКнын залында өткөндө канчасы келгенин көрүүгө болмок, ал залда көптөгөн журналисттер жана башка адамдар жүрдү. Анан добуш берүүдө регламент сакталышы керек, бир адам баарынын ишеним катын чогултуп алганы болбойт. Мындан ары териштирип, ойлонуштурабыз. Бизге жүктөлгөн негизги тапшырма өлкөнү турукташтыруу болгон", — деди Строкова.

Мыйзам боюнча...

Жогорку Кеңештин регламентинин 82-беренесине ылайык, эгер кворум жыйналбай калса, төрага 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялайт. Бул аралыкта дагы толукталбаса жыйын өтпөй калды деп эсептелет.

Садыр Жапаров эмнеге оппозициялык күчтөр менен бирикпей калганын айтты

Конституциянын 84-беренесине таянып, парламент премьерликке талапкер болчу адамды колдоп бергенден кийин президент үч күндүн ичинде өкмөт башчысын жана өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо боюнча жарлыкка кол коёт. Эгер жарлык аталган мөөнөттө чыкпаса, ага карабай өкмөт мүчөлөрү дайындалган болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0