Жапаров министрдин милдетин аткарган Ниязбековду ИИМдин курамына тааныштырды

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министринин милдетин аткаруучу катары дайындалган Улан Ниязбеков
Ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары дайындалган Улан Ниязбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ниязбеков ага артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдына коюлган тапшырмаларды аткарууга бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирген.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары дайындалган Улан Ниязбековду өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба МВД КРПремьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары дайындалган Улан Ниязбековду өздүк курамга тааныштырды
Жапаров министрдин милдетин аткарган Ниязбековду ИИМдин курамына тааныштырды - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары дайындалган Улан Ниязбековду өздүк курамга тааныштырды

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте Улан Ниязбеков министр болуп дайындалган буйруктун сүрөтү тараган.

© Фото / пресс-служба МВД КРБелгилей кетсек, буга чейин интернетте Улан Ниязбеков министр болуп дайындалган буйруктун сүрөтү тараган
Жапаров министрдин милдетин аткарган Ниязбековду ИИМдин курамына тааныштырды - Sputnik Кыргызстан
Белгилей кетсек, буга чейин интернетте Улан Ниязбеков министр болуп дайындалган буйруктун сүрөтү тараган

Жапаров Ниязбековду башкаруучулук иштерде тажрыйбалуу экендигин баса белгилеген.

Ал эми ИИМ башчысы болгон Улан Ниязбеков ага артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдына коюлган тапшырмаларды аткарууда бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирген.

УКМК Курсан Асановду дагы кармады

Эске салсак, саясий окуялардан улам мурдагы министр Кашкар Жунушалиев кызматтан кеткен, анын милдетин Курсан Асанов аткарып жаткан. Бирок кечээ аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети массалык башаламандык уюштуруу фактысы менен кармады.

Жаңылыктар түрмөгү
0