Күч түзүмдөрү Атамбаевдин балдары менен аялын дубалга такап турган сүрөт тарады

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана уулус Кадыр Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана уулус Кадыр Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыстан тартылган сүрөттө Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр даана көрүнүп турат. Алар менен катар бети көрүнбөгөн башка кишилер турганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Интернетте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүн күч органдарынын кызматкерлери дубалга такап турган сүрөт тарады.

Алыстан тартылган сүрөттө Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр даана көрүнүп турат. Алар менен катар бети көрүнбөгөн башка кишилер турганын байкоого болот.

Бир нече мүнөт мурда УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармаганын билдирди.

УКМКнын маалымат кызматынан билдиргендей, Атамбаевдин үй-бүлөсү кармалган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0