Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел заседание оргкомитета "Победа"
Президент РФ В. Путин провел заседание оргкомитета Победа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин мындан аркы башаламандыкты алдын алуу үчүн Кыргызстандагы абалдын жөнгө салынышы керектигин билдирип, аны кеңешменин катышуучулары колдоду.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинде президент Владимир Путиндин көңүл борборундагы маселелердин бири Кыргызстандагы кырдаал болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип "Известия" жазды.

Анын айтымында, Путин мындан аркы башаламандыкты алдын алуу үчүн Кыргызстандагы абалдын жөнгө салынышы керектигин билдирип, аны кеңешменин катышуучулары колдоду.

"Кагылышуу жана хаостун алдын алуу үчүн Кыргызстанда абалдын жөнгө салынышы маанилүү. Чындап эле азыр Кыргызстанда хаостун белгилери ачык көрүнүп турат", — деди Песков.

Карабах чыры: Баку менен Ереван согуш отун токтотууну чечишти

Россиянын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн жыйыны 9-октябрь күнү болуп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0