Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнө түшүп бара жатат

Жазылуу
Алгач "Ала-Тоо" аянтына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулган. Андан кийин ал жакка Өкмөт үйүнүн алдында турган Садыр Жапаровдун тарапташтары келип алышкан.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өзүн легитимдүү премьер-министр деп атап алган Садыр Жапаровдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтынан Өкмөт үйүнө кайрадан түшүп бара жатат. Бирок башкы аянттагы эл дале суюла элек.

Буга чейин аянтта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, бир катар саясатчылар сөз сүйлөгөн. Андан кийин Өкмөт үйүнүн алдында чогулуп турган Садыр Жапаровдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келип алышкан.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор эртеси Бишкекте митингге чыккан. Ошондон бери арты-артынан уланган нааразычылыктар токтой элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0