Садыр Жапаровдун эски аянттагы тарапташтары "Ала-Тоого" келип кетишти

Жазылуу
Өзүн легитимдүү өкмөт башчы деп атаган Садыр Жапаровду колдогондор борбордук аянтка келишти.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкектеги башкы аянтта, Өкмөт үйүнүн алдында чогулуп турган Садыр Жапаровдун тарапташтары бир катар саясий күчтөр топтолгон "Ала-Тоо" аянтына келишти.

Бир аз убакыт тургандан кийин топ кайра кеткен.

Ушул тапта аянттын трибунасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Өмүрбек Бабанов баштаган саясатчылар сөз сүйлөп, "Кыргызстан" деген ураан ташталды.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор эртеси Бишкекте митингге чыккан. Ошондон бери арты-артынан уланган нааразычылыктар токтой элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0