Бишкекте белгилүү саясий лидерлер тарапташтарын чогултуп жатышат

© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Ата-Мекен" партиясынын тарапташтарынын митинги
Ата-Мекен партиясынын тарапташтарынын митинги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте абал саат сайын оорлошуп бара жатат. Учурда бир катар белгилүү саясатчылар шаардын ар кайсы жерине өз тарапташтарын чогултушууда.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ушу тапта борбор калаанын ар кайсы жеринде саясий күчтөр өз тарапташтары менен чогулуп жатышат. Соңунда баары "Ала-Тоо" аянтында кезигишмекчи.

Биринчи акция эски аянтта, өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун колдоочулары тарабынан башталды. Алар Жапаровдун премьер-министр кызматында калышын колдоп, коомчулукту бул демилгеге кошулууга чакырууда.

Шаардагы Технопарк соода жайынын, Опера жана балет театрынын жанында "Республика" партиясынын негиздөөчүсү, төрт партия тарабынан өкмөт башчы кызматына көрсөтүлгөн Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулууда. Алардын ар бири колдоруна ачык жашыл түстөгү лента байлап жатышат.

Атамбаевдин тарапташтарынын митинги. Түз алып берүү

Ал эми "Форум" ишканасынын жанында дагы бир митинг өтүп жатат. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулууда.

Темир жол вокзалынын жанында Кыргызстандагы криминалга каршы Тилек Токтогазиев баштаган жаштар митингге чогулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0