БШК жаңы шайлоо качан өтөрүн 6-ноябрга чейин чечет

Жазылуу
БШК 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эки күндөн кийин жокко чыгарган. Эми шайлоо комиссиясы анын убактысын бир айдын ичинде бекитиши зарыл.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоону өткөрүүнүн убактысын ушул жылдын 6-ноябрына чейин чечет. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эки күндөн кийин жокко чыгарылган.

БШК төрайымы Шайлдабекова отставкага кетер-кетпесин талкуулап жатат

"Шайлоо өткөн жок деп табылса, мыйзам боюнча кайрадан өткөрүлүшү керек. БШК анын убактысын бир айдын ичинде бекитип, тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Мындайча айтканда, жаңы парламенттик шайлоонун убактысы 6-ноябрга чейин белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, октябрдын башында өткөн парламенттик шайлоодон кийин чыккан нааразычылыктар токтой элек. Ушу тапта тынчтык митинг өтөрүн айткан саясий күчтөр шаардын ар кайсы жеринде чогулуп жатат.

Өлкө аймагында эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0