Жанар Акаев: Абдылдаев менен Жапаровдун дайындалышы легитимдүү эмес!

Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү "Достук" мейманканасына чогулган. Анда премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Мыктыбек Абдылдаев менен Садыр Жапаровдун дайындалышы легитимдүү эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, Мыктыбек Абдылдаев төрагалык кызматка татыктуу болгону менен дайындалышы мыйзамсыз. Себеби ага болгону 20 депутат добуш берген.

"Садыр Жапаровдун дагы премьер-министрмин дегени мыйзамсыз", — деди Акаев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү "Достук" мейманканасына чогулуп, Дастан Жумабеков менен Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл алышкан. Анда премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0